КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?

March 2, 2026

Жыйырма биринчи кылым, бардык жерде тынчсыздануу,
Планета жабыркап, жаратылыш өлүүдө!
Ал куурап калды, колубуздан тайып кетти,
Калтырып теребелди боппоз кылып.

Токойлор жок болуп, дарыялар куурап,
Суу бозоруп, жаныбарлар калды элейип.
Талаа тумчугуп, аккан суу жок,
Бейиш болгон ошол жерде-ал күндөрдөн тек күл калды.

Түндүк музу кетет түтүн сыяктуу,
Чөл кеңейет, кейпин кийип башкача.
Жылдар күткөн жаабайт жамгыр нөшөрлөп,
Анан түшөт күтүлбөгөн суу нөшөрлөп.
Эгин кайда, чаңдар жана кусалык,
Суук жайда эми болду ыссык чоң.

КИМ КҮНӨӨЛҮҮ? А биз, жердин балдары,
Анын жанын күйгүзгөн, жолдорун тыткалаган.
Алдык, алдык, бирок кайтарбадык,
Жаратылыштын байлыктарын чаңга айландырдык.

Дагы деле мүмкүнчүлүк бар бизде, ал дем алып тирүү болуп турганда,
Жалбырактар жашыл болуп турганда, Толкун дагы жээкти согуп жатканда.
Канаттуулар дагы эле асманда сайрап жатканда,
Жана дагы жаныбарлар токойлордо байыр алып турганда.

Сүрөт Уулжан Сабырбекова, 14
Большевик, Кыргызстан
Текст Айжамал Азатбекова, 16
Куланак, Кыргызстан
КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?