Жер күтүлгөндөн тезирээк жылып жатат. Жер бетиндеги орточо температура өнөр жай мезгилине чейинки деңгээлден болжол менен 1,1°Сгажогорулады жана 1,5°Сга жакындап калды, бул өтө маанилүү чек, эгерде ашып кетсе, адамдарга жана планетага эң оор жана узакка созулган кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Катуу өзгөрүүлөр болбосо, глобалдык температура 2030-жылдардын башында 1,5°Стан ашат жана кылымдын аягында 3°Ска жетиши мүмкүн деп болжолдонууда.1
1,5°С глобалдык жылуулук менен 350 миллионго жакын шаар тургундары катуу кургакчылыктан улам суу тартыштыгына дуушар болушат. Температура 2°Сге көтөрүлсө, бул сан 410 миллионго жетет.2
Эгер чара көрүлбөсө, Борбордук Азиядагы кургакчылык жана суу ташкыны жыл сайын ИДПнын 1,3% га чейин экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, 2050-жылга чейин түшүмдүүлүктүн 30% га төмөндөшү күтүлүүдө, бул болжол менен 5,1 миллион ички климаттык мигранттарды алып келиши мүмкүн.3
Божомолдор көрсөткөндөй, аймактагы орточо температура ушул кылымдын аягына чейин өнөр жайга чейинки деңгээлден 6,5°C жогору көтөрүлүшү мүмкүн. Бул жаан-чачындын өзгөрүшүнө, өтө ысык мезгилдерге жана кургакчылыктын көбөйүшүнө алып келет деп күтүлүүдө.4
Борбордук Азия үчүн IPCC (2021) климаттын таасир этүү факторлорунда (CIDs), анын ичинде “жогорку деңгээлдеги ишенимге”ээ болгон бир нече олуттуу өзгөрүүлөрдү болжолдойт. Орточо температуранын жогорулашы жана өтө ысык мезгилдердин көбөйүшү, ошондой эле суук менен үшүктүн азайышы күтүлүүдө. Мындан тышкары, сууктун азайышын эске албаганда, бул өзгөрүүлөр талданып жаткан тарыхый мезгилде катталган. Бул тенденциялар кооптондурат, айрыкча IPCC(2021) Памир менен Тянь-Шандын айрым аймактарында буга чейин байкалган кардын, мөңгүлөрдүн жана муз катмарларынын жоголушу сыяктуу башка өзгөрүүлөрдү жогорку ишеним менен болжолдойт. (Sorg et al. 2012; Barandun et al. 2020).5