Адамдар ушунчалык текебер, өзүмчүл болушу мүмкүн. Кээде алар өздөрүнүн кызыкчылыгына ылайыктуу иштерди жасашпайт. Албетте, адамдын акылы табияттагы башка тирүү организмдерден жогору болушу мүмкүн, бирок адам болобу, айбан болобу, өсүмдүк болобу, ар бири өз ордун билүүсү маанилүү. Алар адамдын жашоосунда зор роль ойнойт. Аларсыз адам жашай албайт деп айта алам. Мисалы, жырткыч айбандар болбосо, адамдар аң уулоого, жада калса тамак таба алышпайт. Адамдын жашоосу менен жаратылыш дайыма тыгыз байланышта. Кээде кээ бир айбандар адамдардан да жоомарт деп ойлойм. Алар интуитивдүү жана эч качан калп айтпайт.