КЛИМАТ ТУУРАЛУУ ФАКТЫЛАР

March 5, 2026

Глобалдык жылуулук күтүлгөндөн да тезирээк өнүгүп жатат. Париж келишими (2015) дүйнөлүк температуранын өсүшүн 2 °C-тен төмөн кармап, 1,5 °C менен чектөөгө умтулуу максатын белгилеген. Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобу (МГЭИК, 2018) мындай чектен ашып кетүү кайтарылгыс климаттык өзгөрүүлөрдүн коркунучун күчөтөрүн эскертет. Климатты турукташтыруу үчүн парник газдарынын бөлүнүшүн 2030 жылга чейин эки эсеге кыскартып, кылым ортосуна чейин нөлдүк баланска жеткирүү зарыл. Бирок 2024-2025 жылдары дүйнөлүк температура индустриалдык доорго чейинки деңгээлден 1,5 °C-ке жогорулап кеткендиги шашылыш чараларды күчөтүүнү талап кылат. Мамлекеттер тарабынан дароо жана тездетилген аракеттер керек.Суу тартыштыгы күчөйт. Температура 1,5 °C-ке көтөрүлгөндө 350 миллион шаар тургуну кургакчылыктан улам суу жетишсиздигине дуушар болсо, 2 °C болгондо бул көрсөткүч 410 миллионго жетет. Ошондуктан суу коопсуздугуна инвестиция салуу артыкчылыктуу багытка айланууда. Кризисти алдын алуу үчүн суу ресурстарын камсыздоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Сүрөт Акылай Табылдиев, 12
Балыкчы, Кыргызстан
КЛИМАТ ТУУРАЛУУ ФАКТЫЛАР