КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ БИЗДИН ЖАШООБУЗГА ЭМИ ТААСИРИН БЕРҮҮДӨ

March 2, 2026

Өткөн жайда катуу шамал болуп, чаң бороон болуп, биздин районубузга бир топ зыян келтирген. Аба абдан чаң болуп, бакчабыздагы гүлдөр, эгиндер куурап калды. Бак-дарактар сынбады, бирок жалбырактары түшүп, келбети өзгөрдү. Бакчада мөмөлүү дарактар көп болчу, бирок бороон алардын түшүмүнө зыян келтирди. Айрыкча биз помидор, бадыраң эккен аянттар катуу жабыркады – ал жерде көптөгөн өсүмдүктөр өлдү. Ушунун баарын көрүп абдан кейидим, жаратылышка болгон мамилебизди өзгөртүү керек экенин түшүндүм.

Климаттын өзгөрүүсү биздин жашообузга азыртадан эле таасирин тийгизип жатат жана ар бирибиз өзүбүздүн жоопкерчилигибизди түшүнүшүбүз керек. Ар ким айлана-чөйрөнү коргоого өз салымын кошсо, келечекте мындай кырсыктардын алдын алабыз.

Сүрөт Абдуллах Бекмирзаев, 7
клБувайда, Өзбекстан
Текст Күмүшой Султонбоева, 10
Ташкент, Өзбекстан
КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ БИЗДИН ЖАШООБУЗГА ЭМИ ТААСИРИН БЕРҮҮДӨ