14 жаштагы баланын экологиялык көйгөйлөрдү ойлоп жатканына таң калышыңар мүмкүн, бирок мен ага окшогон курбуларым азайып баратканын көрүп коркуп жатам. Анткени, биз – келечекпиз, бирок биз жашаган Жер жөнүндө ойлобойбуз.
Мен досторумдан глобалдык жылуулук жөнүндө кандай ойдо экенин сурадым. Кээ бирөөлөр окумуштуулар баарын оңдойт дешет. Ал эми кээ бирлери биз Жерден калтырып, Марска учуп кетебиз деп ойлошот.
Бирок ата-энебиз жашыл талаа, көк асман, тунук суудан ырахат алсак деп кыялданчу. Мен муну балама көрсөткүм келет. Бирок баламдын көңүлү калып калабы деп корком. Келгиле бул дүйнөнү сактайлы.